Жогорку Кеңеш жалаа жабуу, мазактоого айып салган долбоорду үчүнчү окууда колдоду
- 2 года мурун
Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңеш интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду.
Мыйзам долбоорун 68 депутат колдоду. Төрт эл өкүлү – Элдар Абакиров, Жанар Акаев, Сеидбек Атамбаев жана Дастан Бекешев “каршы” деп добуш берди.
Анда президент кол койсо эми мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды Ички иштер министрлиги кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе жалган маалымат тараткан адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиаларга 65 миң сом айып пул салынат.
Эске салсак, Министрлер кабинети Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Документ Жогорку Кеңештин сайтында 25-июлда коомдук талкууга коюлган. Министрлер кабинети Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, жеке адамдарга 1000 эсептик көрсөткүч – 100 миң сом, ишканаларга 2000 эсептик көрсөткүч – 200 миң сом айып пул салууну сунуштады.
Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде коомчулукта талкуу жараткан Интернет жана ЖМК аркылуу жалаа жабууга, мазактоого айып салган мыйзам долбоору тууралуу мындай деген:
«Бул мыйзамды Маданият министрлиги сунуштаган экен. Мен кечээ социалдык түйүндөрдө талкуу болуп жаткандан кийин билдим. Менин оюмча, кайра чакыртып алыштын кереги жок. Анткени бул азырынча долбоор гана. Ошол эле депутаттар же ММКлар болобу, сунуштарын берсин, алымча-кошумча кылышсын. Мен дагы 100 миң, 200 миң айып пул салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керек аны депутаттар чечет» деди президент.
11 жалпыга маалымдоо каражаты (ЖМК) Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууну уюштурууну өтүнүп, Жогорку Кеңештин (ЖК) төрагасына кайрылуу жасашкан.
11 ЖМК кайрылууда кылмыш-жаза кодексине жаңы 107-1-берене — «ЖМКда, интернеттеги веб-сайтта же интернеттеги сайттын баракчасында камтылган жалган жалаа жана мазактоо» беренесин киргизүү сунушталган «Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууну уюштурууну өтүнүшкөн.




