11 ЖМК интернеттеги жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору боюнча ЖКнын төрагасына кайрылышты
- 2 месяца мурун
11 жалпыга маалымдоо каражаты (ЖМК) Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууну уюштурууну өтүнүп, Жогорку Кеңештин (ЖК) төрагасына кайрылуу жасашты.
11 ЖМК кайрылууда Кылмыш-жаза кодексине жаңы 107-1-берене — «ЖМКда, интернеттеги веб-сайтта же интернеттеги сайттын баракчасында камтылган жалган жалаа жана мазактоо» беренесин киргизүү сунушталган «Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууну уюштурууну өтүнүшкөн.
Маалыматта айтылгандай, ЖМКлар милдеттүү болуп саналган жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин камсыз кылууга, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана ЖМКлардын укуктук статусуна, ошондой эле бюджет, салыктар жана мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүнө байланыштуу мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угууларды өткөрүү жөнүндөгү «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» Мыйзамдын 115-беренесине шилтеме жасашкан.
ЖМКлар өз катында парламенттик угууларды өткөрүү аталган мыйзам долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана журналисттердин катышуусу менен парламентте экинчи окууда кароого чейин ар тараптуу талкууну камсыздай турганын белгилешкен.
Сүрөт: интернет булактары