Жогорку Кеңеш УКМК төрагалыгына Жумгалбек Шабданбековду дайындоого макулдук берди
- 3 недели мурун
Бүгүн, 18-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Жумгалбек Шабданбековду дайындоого макулдук берди. Анын талапкерлигине 79 депутат макул болду. Каршы чыккандар болгон жок.
Жыйында талапкерлерди президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Жогорку Кеңеш 18-февралда ошондой эле Акыл Токтобаевди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, Урматбек Шамыркановду өзгөчө кырдаалдар министри, ал эми Талантбек Солтобаевди транспорт жана коммуникациялар министри кызматтарына дайындоого макулдук берди.
Сүрөт: Жумгалбек Шабданбеков. kenesh.kg




