Жогорку Кеңеш тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңеш тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырды.

Жалпы 86 депутат каттоодон өтүп, анын 71и Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигине «макул» деп добуш берди. Ал эми каршы добуш бергендер болгон жок.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов анын ишине ийгиликтерди каалады. «Өтө татаал мезгилде жооптуу кызматка баратасыз. Иштериңизге ийгилик, жалпы элибиз үчүн ак кызмат кылыңыз», — деди төрага.

Жээнбек Кулубаев депутаттарга ыраазычылык билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты