Кыргызстан жана Кытай тышкы иштер министрлери жолугушту
- 2 месяца мурун
19-20-ноябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Кыргыз Республикасына расмий сапары өтүүдө.
Сапардын алкагында Жээнбек Кулубаев менен Ван И стратегиялык диалогдун биринчи жыйынын өткөрүштү.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулады.
Ушул жылы эки мамлекеттин лидерлери эки тараптуу үч жолугушуу өткөргөндүгү белгиленгенди.
Сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык кызматташтыкка жана айыл чарба, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары ошондой эле «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушун мындан ары карай жылдыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Тараптар ошондой эле БУУнун алкагындагы өнүктүрүү жана кызматташтык маселелери, «Бир алкак, бир жол» демилгеси жана «Борбор Азия – Кытай» форматы боюнча пикир алмашышты. Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Кыргыз Республикасы 2025–2026-жылдары ШКУга төрагалык кылган мезгилде активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдирди.
Стратегиялык диалогдун биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүүгө жана 2026-2027-жылдарга эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу программасына кол коюлду.
Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы




