Министр Кулубаев Мозамбикке жана Намибияга барат
- 4 недели мурун
19-22-май күндөрү тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мозамбикке жана Намибияга расмий сапарлар менен барат.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта бул кыргыз дипломатиясынын тарыхында биринчи сапар экендиги белгиленди.
Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландалган, анын алкагында тараптар кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Мозамбик жана Намибия менен келишимдик-укуктук базасын мындан ары кеңейтүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.
Сүрөттө: Мозамбик. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




