Жылдыз Жолдошова башка округдагы мыйзам бузууну ага жармаштырып жатышканын билдирди
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоодо №8 округдан талапкер Жылдызкан Жолдошова мыйзамсыздыкка кабылганын, БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров анын ордуна жээни Нуржамал Төрөбекованы өткөрүү аракетинде болуп, башка округдагы акча таратуу боюнча видеону анын округуна жармаштырып жатканын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
-БШК төрагасы Шайназаров Тынчтыкбек иним экөөбүз Мады айыл өкмөтүндө төрөлгөнбүз. Шайназаровдун жээни (б.а. карындашы) Нуржамал Төрөбекова да ушул округдан шайлоого чыгат. Кызыгы, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы №27 округдагы видеону баарыңар көрдүңөр, жалаң 5000 сомдукту таратып жаткан. Мына ушул видеону Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүндө жайгашкан Кыргыз-Чек айылында жайгашкан 5249 (595 добуш), 5514 (414 добуш) участкалык шайлоо комиссиясына (УШК) жалган жалаа аркылуу жармаштырып, менин эң көп — 1009 добушуму 8-аймактык комиссия жокко чыгарган,-деп билдирди талапкер Жолдошова.
Ал эми ал видеодогу мыйзам бузуу боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин ачпаганын, тастыктаган эместигин айтты.
-Бул видеону жалган жалаа менен участкалык шайлоо комиссиясы 5249, 5514кө чапташтырган материалды Ош облусунун ички иштер башкармалыгы карап чыгып, кылмыш ишин ачкан эмес жана мыйзам бузууну тастыктаган эмес. Ошого карабастан, мыйзамды одоно бузуп, аймактык комиссия чечим чыгарган. Бирок БШК азырынча чечим кабыл ала элек,-деди Жолдошова.
Ошондой эле ал президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков №8 аймактык комиссиянын мыйзамсыз чечимин социалдык тармактагы баракчасына жарыялап жибергенин, бул шайлоого болгон кысым экенин кошумчалады:
-Ошого карабастан президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өз баракчасына алдын ала, БШК чечим чыгара электе, №8 аймактык комиссиянын мыйзамсыз чечимин жарыялады. БШК – көз карандысыз орган. БШКнын мүчөлөрү шайлоо боюнча өз алдынча, мыйзам негизинде гана чечим чыгарат. Дайырбек мырза, бүгүнкү жазган постуңуз бул түздөн-түз президенттик администрациянын шайлоого болгон кысымы деп эсептесе болот,-деди талапкер Жолдошова.
Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасында шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган №13 округ тууралуу жана башка округдарды айтып келип, талапкер Жолдошова ат салышкан №8 округду да мисал келтирген:
-Мыйзам бузуулар башка аймактарда дагы болгон. Шайлоонун эртеси эле ар кандай далилдер тиркелген видеолор социалдык тармактарда жарыяланып жатты. Алардын бири, №8 округдун №5249 шайлоо тилкесинде болду деп жарыяланган видео элдин талкуусунда калды. Анда, пачкалап акча таратып жаткандарды видеого тартып алышкан. Мындай фактылар коомчулуктун нааразылыгын жаратты. Эл арасында “ушул кантип таза шайлоо болсун, добуштарды дүңүнөн эле сатып алган тура” деген пикирлер айтылып жатты. Бул окуядан кийин аймактык шайлоо комиссиясы № 8 округдагы № 5249 жана № 5514 шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган чечим кабыл алышкан,-деп билдирген Орунбеков.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Баштапкы жыйынтык боюнча аталган №8 шайлоо округунан Жанарбек Акаев, Примов Улан, Жылдызкан Жолдошова алдыда келе жатат.
3—декабрда, Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.




