Жогорку Кеңеш шайлоо алдындагы мезгилде үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун четке какты

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 15-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору шайлоо алдындагы мезгилде саясий партиялар жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланган талапкерлер үчүн үгүтчүлөрдүн санын кыскартууга багытталган.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Арсланбек Малиев ар бир шайлоо округунда 120 миңге чейин шайлоочу бар экенин белгилеп, бир мандаттуу округдардан шайланган талапкерлер тарта турган үгүтчүлөрдүн санын кыскартпоону сунуштады.

Эл өкүлү Дастан Бекешев да бул пикирди колдоп, үгүтчүлөр талапкерлердин шайлоо программасы тууралуу шайлоочулардын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча маанилүү иштерди аткарып жатканын кошумчалады.

Ал эми депутат Исхак Масалиев үгүтчүлөрдүн конкреттүү санын белгилебей, алардын санын округдагы шайлоочулардын жыштыгына жараша пайыз менен аныктоону сунуштады.

Мыйзам долбоору четке кагылды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты