Жогорку Кеңеш республикалык бюджет тууралуу мыйзам долбоорлорун үч окууда кабыл алды

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 24-декабрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга республикалык бюджети жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» жана Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдарга республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралып 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету угулду.

Жыйынга Адылбек Касымалиев баштаган Министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышып, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Талкуу маалында депутат Ырысбек Атажанов Баткен облусунун Кадамжай районундагы бир катар айылдарды газдаштыруу маселесин көтөрүп, аймакты суу менен камсыздоону, өзгөчө Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндөгү «Ак-Суу» БДРинин жана Бүргөндү каналынын курулушун тездетүүнү өтүндү. 

Депутат Сеидбек Атамбаев Чүй облусунун Күн-Туу жана Шалта айылдарына маршруттук каттам ачып, жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. 

Депутат Бекмурза Эргешов көмүскө экономика каршы күрөштүн жыйынтыгында күтүлүп жаткан кошумча кирешенин көлөмүнө кызыгып, жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруу маселесин ортого салды.

Депутат Советбек уулу Рустамбек Ноокат районундагы жер тилкелеринин жетишсиздигин билдирип, жерлерди трансформациялоо процессин тездетүүнү суранды. Эл өкүлү ошондой эле аталган аймакка мамлекеттик турак жай программасынын алкагындагы ипотекалык үйлөрдү курууну да сунуштады. 

Депутат Элвира Сурабалдиева Бишкектин Биринчи май районунда жайгашкан мурдагы наркологиялык диспансердин аймагына жаңы оорукана куруу маселесин кароого чакырды. Депутат Гуля Кожокулова борбор калаанын башкы планын иштеп чыгуу маселесин көтөрүп, аймактарда ипотекалык насыяларды берүүнү өнүктүрүү керектигин белгиледи.  

Депутат Жанарбек Акаев 2026-жылдын бюджетине Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш – Иркештам жолун реконструкциялоого каражат киргизүүнү сунуштады. Муну менен катар ал инфляция шартында социалдык жөлөкпулдарды эсептөө жана берүү тартибин кайра карап чыгуу зарылдыгын айтты. 

Талкуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга  республикалык бюджети жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана 2026-жылга жана 2027-2028-жылдарга республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоорлору үч окууда кабыл алынды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жактырылды. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты