Жогорку Кеңеш Равшанбек Сабировду Эмгек министри кызматына дайындоого макулдук берди
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Равшанбек Сабировду дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министр кызматына талапкер тууралуу маалымат берип, президенттин сунуштамасы менен тааныштырды.
Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Равшанбек Сабировду Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Равшанбек Сабиров Жогорку Кеңештин экс-депутаты, инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин экс-директору.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулган.