Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду
- 2 месяца мурун
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы билдирди.
Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп 6 ай мурда дайындалган.
Сүрөттө: Жылдыз Полотова. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү