Жогорку Кеңеш комитети ЖМКны милдеттүү түрдө каттоо тартибин бекитти
- 3 недели мурун
Бүгүн, 16-июнда, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.
Комитет төрайымы Винера Раимбачаева депутаттардан түшкөн сын-пикирлерге жана сунуштарга токтолду.
Депутаттар Айбек Маткеримов, Илимбек Кубанычбеков, Эрнис Айдаралиев жана Рустамбек уулу Советбек чет элдик жарандар, чет элдик юридикалык жактар, ошондой эле чет элдиктердин ЖМКда 35%дан ашык үлүшү барлар ЖМК учредители боло алышпай тургандагы киргизилди.
Ошондой эле буга чейин тармактык басылмалар, аудио, видео, хроника программалары юстиция органдарында ыктыярдуу каттоодон өтүшү мүмкүн делген ченем, “каттоодон милдеттүү түрдө өтөт” деген ченем менен толукталды.
Ошону менен бирге каттоо, кайра каттоо Министрлер кабинети бекиткен тартипте өтөт деп кабыл алынды.
Буга чейин, 9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды жана кабыл алынган.
“Жалпыга маалымдоо каражаттары” тууралууу мыйзам долбоорунун жаңы редакциясында онлайн платформалар жана маалымат каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алынып салынып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган.
2024-жылы 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору артка кайтарылган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан