Жогорку Кеңеш комитети тамак-аш коопсуздугу боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 9-декабрда, Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө», Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Марлен Маматалиевдин мыйзам долбоорлору калк арасында жугуштуу ооруларды, тамак-аштан массалык түрдө ууланууларды же саламаттыкка башка олуттуу зыян келтирүүнү болтурбоо максатында аталган тамак-аш азыктарын же чийки аш затын өндүрүү, жүгүртүү жана сатууда соода-сатык жана коомдук тамактануу жайларында санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен техникалык регламенттердин эрежелеринин талаптарын бузгандарга карата мыйзамдуу чараларды күчөтүүгө багытталган.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору биринчи окууда колдоо тапты.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты