Жогорку Кеңеш Бакыт Жетигеновду жоопкерчиликке тартууга уруксат берген жок

  • 2 года мурун

Бүгүн, 22-декабрда, Жогорку Кеңеш депутат Бакыт Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген жок. Камакта жаткан Жетигенов токтоосуз абактан чыгарылышы керек.

Депутаттык комиссиянын төрайымы Айсулуу Мамашова комиссиянын корутундусун — Бакыт Жетигеновду жоопкерчиликке тартууга уруксат бербөө чечимин окуду..

Добуш берүүдө депутаттар парламенттик комиссиянын бул чечимин колдошту.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан депутат Жетигеновду камакка алуу чечимин чыгарган.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) парламенттик шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алууга камданып жаткан адамдардын тобун кармаганын билдирген. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты