ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясы өтөт

  • 2 года мурун

Бүгүн, 10-январда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясы өтөт. Ага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн режимде катышат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сессияда Казакстандагы абал жана аны жөнгө салуу чаралары тууралуу маселе талкууланат.

Мунун алдында ЖККУнун Казакстанга жөнөтүлгөн аскерлеринин командири Андрей Сердюков аталган уюмдун жоокерлери Алматы менен анын жака-белиндеги стратегиялык объектилерди «көзөмөлдөп» жатканын, алар кырдаал толук жөнгө салынганча болорун кабарлаган.

Ушул тушта Казакстанда ЖККУнун канча жоокери бар экени белгисиз. Айрым бир булактарга караганда алардын саны миңден ашат жана басымдуу бөлүгү Орусиянын аскерлери.

Уюмдун бейкуттук күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын 150 аскери 7-январда Алматыга жеткирилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты