ЖККУнун аскерлери Казакстанда абал «толук турукташканга чейин» калат

  • 2 года мурун

Казакстанга жөнөтүлгөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) аскерлери Алматы шаарындагы жана анын айланасындагы «стратегиялык объектилерди» өз көзөмөлүнө алышты. Бул тууралуу ЖККУнун өлкөдөгү контингентин башкарып жаткан генерал-полковник Андрей Сердюков билдирди.

Анын айтымында, аскерлер Казакстанда «өлкөдөгү абал толук турукташканга чейин» калат.

Азырынча Казакстанга кирген ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлеринин так саны боюнча расмий маалыматтар жок, алар бир нече миң деп бааланууда. Алардын көбүн Орусиянын аскерлери түзөт.

Алматыдагы башаламандыктарга байланыштуу ЖККУга жардам сурап кайрылган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев уюмдун аскерлери өлкөгө кыска гана мөөнөткө киргизиле турганын айткан. Казак бийлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөдө кырдаал турукташа баштады. Жекшемби күнү эч кандай атышуу болгон жок, нааразылык акциялар да өткөн жок.

9-январда Казакстандын бийлиги алгач өлкөдөгү башаламандыктардан 164 киши каза болгонун билдирип, бирок көп өтпөй бул маалыматты кайра төгүндөдү. Саламаттык сактоо министрлиги маалыматтар ката жарыяланып калганын билдирди. Мындан улам азырынча каза болгондордун расмий саны белгисиз бойдон калууда.

7-январда бийлик 16 укук коргоо кызматкери каза болуп, 26 «террорист» өлтүрүлгөнүн кабарлаган. Бирок күбөлөр күч түзүм кызматкерлери куралсыз адамдарга да ок чыгарышканын билдирүүдө.

Буга чейин Токаев укук коргоо органдары эскертүүсүз ок атууга укуктуу экенин айткан. Анын мындай буйругу эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан сынга алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты