ЖК жыйынында өкмөт өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча маалымат берет

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш 19-январдагы жыйынында Министрлер кабинетинин өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, жазгы-талаа жумуштарына карата даярдыгы жана коронавирустун жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматын угат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус менен ооругандар көбөйдү. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары. Буга байланыштуу борбор калаада 18-январдан тартып 10дон ашык мектеп жана бир бала бакча карантинге жабылды.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун «омикрон» штаммы катталганын, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты