ЖК комитетинде Социалдык фонд жана Медкамсыздандыруу фондунун бюджеттери каралды

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 23-декабрда, Жогорку Кеңештин (ЖК) эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында Социалдык фонддун  2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, Социалдык фонддун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдарга бюджети жөнүндө мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин айтымында, Социалдык фонддун 2026-жылга бюджети кирешелер боюнча 137 млрд 691 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 137 млрд 303 млн сом суммасында бекитилет.

Андан тышкары жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, аталган фонддун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдарга мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, жактырылды. Мыйзам долбоору менен тааныштырган Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов маалымдагандай, аталган мыйзам долбоору менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга бюджети кирешелер боюнча 10 млрд 737 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 10 млрд 737 млн сом суммасында бекитүү сунушталууда.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты