ЖК комитети саясий репрессия курмандыктарын реабилитациялоону жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун карады

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кенештин социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары  Ж.Акаев, Н.Шакиев, Ч.Султанбекова, М.Самыйкожо.

Депутат Жанар Акаев белгилегендей, сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо маселелерин мыйзамдуу жөнгө салууга багытталган, бул эң оболу атылган, соттолгон, айдалган же айдап жиберилген, мүлкүнөн жана турак жайынан ажыраган, укук жагынан башка зомбулуктарга дуушарланган жана саясий репрессиялардын курмандыгы болуп калган адамдардын жакшы ысымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет. “Кезегинде болжолдуу 40 миңдей кыргызстандык репрессиянын курмандыгы болгон» деди Жанар Акаев.

Ушуну менен катар, мыйзамды кабыл алуу жана андан соң ишке ашыруу сталиндик репрессиялардын чыныгы себептери жана масштабдары жөнүндө объективдүү баа берүүгө жана өлкөнүн коомчулугуна маалымдоого, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, туура саясий жана укуктук тыянак чыгарууга, келечекке сабак алууга мүмкүндүк ачат.

Комитет аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты