ЖК комитети Консот судьясы Жедигер Саалаевдин кызматтан бошотулушуна макулдук берди
- 2 года мурун
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК регламенти боюнча комитети Констититуциялык соттун судьясы Жедигер Саалаевдин кызматтан бошотулушуна макулдук берди.
Президенттин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовдун айтымында, Жедигер Саалаевдин полномочиеси аяктады. Саалаев 2015-жылдын май айында 7 жылдык мөөнөткө шайланган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү