Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди УКМК төрагалыгына дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 2-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берилди.

Жыйында талапкерди президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындоого макулдук берип, тиешелүү токтом кабыл алынды.

Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын милдетин аткаруучу болуп эки ай мурда дайындалган. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Максат Асаналиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилди.

УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты