ЖК Каныбек Досмамбетовду саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 24-декабрда, Жогорку Кеңештин (ЖК) жыйынында Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна Каныбек Досмамбетов дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, колдоого ээ болду.

Президенттин сунуштамасын жана талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 23-декабрдагы жыйында Каныбек Досмамбетовду Саламаттык сактоо министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө сунушту жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберген.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты