ЖК депутаттарын шайлоого өзгөртүү киргизүү мыйзам долбооруна кол коюлду  

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.  

Конституциялык мыйзам 2025-жылдын 29-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Анда төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

1) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатына талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан төгөт;

2) бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатына майыптыгы бар талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү майыптыктын тобун эске алуу менен төмөнкүдөй белгиленет:

– III топтогу майыптарга – эсептик көрсөткүчтүн жети жүз эсе өлчөмүндө;

– I жана II топтогу майыптарга – эсептик көрсөткүчтүн беш жүз эсе өлчөмүндө.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты