ЖК автоунаанын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү долбоорун биринчи окууда колдоду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңеш Кыргызстанда автоунаанын каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 77 депутат “макул”, алты эл өкүлү “каршы” добуш берди.

Аталган мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап жатат. Ал кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын аз дегенде 20 миң айдоочу машинесинин терезесин караңгылатат деп болжолдоп жатат.

Ички иштер министрлиги азыр терезесин караңгылатып алгандарга 5500 сом айып пул салынарын, акыркы алты жылда мындай мыйзам бузуу менен 22 миңдей айдоочу кармалганын билдирди.

Мыйзам долбооруна ылайык, такси, эл ташуучу жана жүк ташуучу автоунааларга каптал айнектерди караңгылатууга уруксат берилбейт. Кыргызстанда учурда автоунаалардын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты