Жихадчылар жамаатынын үч мүчөсү кармалды

25-августта УКМКнын Баткен областык башкармалыгы тарабынан Кызыл-Кыя шаарындагы жихадчылар жамаатынын 3 мүчөсү кармалган. Алар:

— «Г.у.К», 1993-жылы туулган, «Абу Нур» каймана аты бар, Кызыл-Кыя  шаарынын тургуну, мурда кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси боюнча соттолгон, жааматтын башчысы;

— «П.А.И.», 1981-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда кылмыш-жаза кодексинин 229-2 1-бөлүгү менен соттолгон, жамааттын руханий насаатчысы болуп саналат, маалыматтар боюнча С.Бурятскийдин террористтик аудио-видео материалдарын таратат («Кавказ Эмираты» ЭТУнун мүчөсү);

— «К.Д.Р.»,1992-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарында туулган, мурда “Дженго” каймана аты бар К.Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон, жамааттын мүчөлөрүнүн күжүрмөн жана дене тарбия даярдыгы үчүн жооптуу.

Кармалгандарга кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «Абу Нура» кылмыштуу тобу Сириядагы ЭТУнун шериктерине/согушкерлерине материалдык жардам көрсөтүү максатында бир нече жылдын ичинде бир катар каракчылык чабуулдарды жасаган.

Жашаган жерлеринен тинтүү иштеринин натыйжасында РГД-5 системасынын 3 гранатасы, 7,62 мм калибрдеги — 49 даана, 5,45 мм. — 5 даана. жана 9мм. — 3 даана ок-дарылар, 3 бычак (муздак курал), ошондой эле көп сандагы электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттары жана диний адабияттар алынган. Баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен алынган ок-дарылар согуштук деп табылган.

Кармалгандардын бири Баткен облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын эки шериги боюнча теологиялык экспертизанын корутундусу чыгарылып, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөт.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты