Жетимиштен ашык адамды 500 миң долларга алдоого шектүү кармалды  

  • 5 месяцев мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМдин) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ири өлчөмлөгү алдамчылыкка шекетелген жаранды кармашты.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Анын жарандарга келтирген зыянынын  өлчөмү болжол менен 500 миң АКШ долларын түзөт.

Жабырлануучулардын арыздары боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБде (алдамчылык аракеттердин 40тан ашык фактысы), Октябрь райондук ИИБде (алдамчылык аракеттерин 10дон ашык фактысы) катталган.  Ошондой эле Бишкек шаарынын башка ички иштер башкармалыктарында арыздар бар. Бул кылмыштардын баарында шектүү катары 1985-жылы туулган К.М. өтүп жаткандыгы белгиленген.    

К.М. жарандардын ишенимине кирип, кыймылсыз мүлк сатып алуу боюнча кызматтарды сунуштап, кардарларды өзүнө тартып турган.  Ал жеке турак үйлөрдү куруу үчүн берилүүгө тийиш эмес болгон жер тилкелерин башка адамдарга сатууга жетишкен.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында алдамчылык жолу менен 60 миң АКШ долларынан ашык акча каражатын ээлеп алуу боюнча кылмыш иши илкитенүүдө.

Жогоруда аты аталган жаран батир сатып алууга жардам берем деп убадалап, бирок акчаны алгандан кийин изин жазырып кеткен. Ал кардарларга башка бирөөнүн батирин алып келип көрсөтүп турган. Ошондой эле айрым жарандардан 100 миң сом каражатын ээлеп алгандыгы тууралуу маалыматтар бар экендиги белгиленди.

Акча операциялары ал аркылуу жүргүзүлгөн. Учурда алдамчылыкка шектелгендердин колунан 70 тен ашык адам жабыркаганы аныкталды. Жабыркагандарга келтирилген жалпы зыян 500 миң доллардан ашат жана бул азырынча болжолдуу маалыматтар.

Шектүү анкеталык маалыматтарын, аты-жөнүн бир нече ирет өзгөрткөн.   

2022-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан жер тилкелерине байланыштуу алдамчылык фактылары боюнча издөө жарыяланган.   

23-ноябрда шектүүнү Бишкек шаарынын аймагында кармашты. Тергөө иштери улантылып жатканы белгиленди.

Жетимиштен ашык адамды 500 миң долларга алдоого шектүү кармалды  
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Шектүүнүн сүрөтү: ИИМ басма сөз кызматы тараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты