Жети-Өгүздүн Саруу айыл кеңеш депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады
- 12 месяцев мурун
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, 16-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады.
Саруу айылдык кеңешинде мандаттардын жалпы саны – 21, анын ичинен 3 округда 9 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.
Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны 41 адамды түздү, алардын ичинен 13 аял талапкер.
41 талапкер катталды, анын ичинен 13 – аял талапкер.
Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү