Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын республикалык кеңешмеси өтөт

  • 3 года мурун

21-22-октябрда Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын республикалык кеңешмеси өтөт.

Анын ишине 21-октябрда Президент Садыр Жапаров катышат.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинети, мамлекет башчысынын  региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат.

Региондорду жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу талкууланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты