Алдамчылыкка шектүү «Кадастрдын» жана айыл өкмөттүн кызматкерлери тергөө абагына киргизилди

  • 10 месяцев мурун

Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Базар-Коргон бөлүмүнүн адиси А.А.Т. жана Сейдикум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айыл башчысы М.У.У. жер тилкелерине байланышкан алдамчылык фактылары боюнча кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 2-октябрда билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кармалгандар жер тилкелерин каттоо үчүн жарандардан алдамчылык жолу менен акча каражаттарын алып, ошол эле учурда документтерди жасалмалоо менен менчик ээлерин алардын макулдугусуз менчик укугунан ажыратып, андан ары жер тилкелерин үчүнчү жактарга өткөрүшкөн. Мындан улам жабырлануучуларга бир топ зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (кызмат абалынан пайдалануу менен жасалган алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалгандар УКМК тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты