Жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелүүдө

  • 12 месяцев мурун

Жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелүүдө.

Ички иштер министринин (ИИМ) тергөө кызматына Чүй облусунун Достук айылынын тургундары жергиликтүү кеңештин депутатынын аракети боюнча арызын кароо өтүнүчү менен кайрылышкан.

Маалым болгондой, айылдык кеңештин депутаты суу өткөрөбүз деп тургундардан 3500 сомдон акча чогултуп алган. Бирок, тургундар аткарылган иштерге нааразы болгон — түтүктөр сапатсыз болуп, жарабай калган. Сууну чыгарганга аттуу жеке компания жооптуу болгон.

Маалыматтарга караганда, демөөрчү катары бир фонд дагы чыккан. Ишти “И.К.” аттуу жеке фирма жүргүзгөн.

Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү жүргүзүүдө.

Аталган райондун жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты И.У. аттуу жаран тергөө кызматына жеткирилип, андан ары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул жаран буга чейин да бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, анын үстүнө учурда башка кылмыш иши боюнча айыпталууда. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты