Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Аралыктан добуш берүүгө 9050 арыз түштү   

  • 1 месяц мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)  жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аралыктан добуш берүүнү каалаган шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу аяктагандыгын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өлкө боюнча аралыктан добуш берүүгө 9050 арыз түшкөн.

Арыздардын 72 пайызы 18-35 курактагы жаш шайлоочулардан келген. Арыз бергендердин арасында мамлекеттик органдардын жетекчилери, студенттер, аскер кызматкерлери, вахталык нөөмөттө иштегендер бар.

Эң көп арыз Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратында жайгашкан 2134 кабыл алуу пунктунда болду.

Каракол шаары боюнча аралыктан добуш берүүгө 1547 адам арыз берген, алардын көбү «Кумтөр» ишканасынын жумушчулары, алар шайлоо күнү нөөмөт менен иштеп, шайлоо участкаларынан алыс жайгашкан өз жумуш орундарында болушат.

БШК аралыктан добуш берүүгө арыз берген бардык жарандарды төмөнкү даректер боюнча шайлоо участкаларында күтө турганын эскертет:

Бишкек шаары, Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу (М. Фрунзе көчөсү, 547);

Бишкек ш., Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын имараты (Байтик Баатыра көч., 17);

Бишкек ш., К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы. (А.Огонбаев көч., 242);

Бишкек ш. , А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры. (Ю.Абдрахманов көч., 167);

Ош шаары, А.Навои атындагы орто мектеби (А.Масалиев көч., 37);

Жалал-Абад шаары, Б.Осмонов атындагы мамлекеттик университет (Т.Байзаков көч., 25);

Каракол шаары, К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университети. (К. Тыныстанова көч., 26);

Нарын шаары, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты (Ленин көч., 76);

Баткен шаары, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби. (Ж.Момунова көч., 16);

Талас шаары, А.Токтогулов атындагы облустук китепкана. (Ч.Айтматов көчөсү, 353).

Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын деген жарлык кабыл алынды.

Сүрөт: БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты