17-ноябрь жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленди
- 4 недели мурун
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка 6-сентябрда кол койду.
Ага ылайык, кайра уюштурууга алып келген тиешелүү аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу:
1. Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештери таркатылат.
2. Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2-тиркемеге ылайык 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын деген жарлык кабыл алынды.
Сүрөт: Интернет булактарынан