Жергиликтүү кеңешке шайлоо: Бюллетендер даяр болду  

  • 1 год мурун

29-мартта «Учкун» басмаканасында Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо бюллетендерин даярдоо аяктады.

Айылдык жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 63 913 бюллетень даярдалды. 53 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо пилоттук режимде модернизацияланган идентификациялык түзүлүштөрдү пайдалануу менен апробациядан өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу шайлоо бюллетендерин даярдоо добуш берүү күнү модернизациялаган идентификациялык түзүлүштөрдү колдонуу менен жүргүзүлөт.

Шайлоо бюллетенинин жогорку даражадагы корголуусу бар, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди тааный алуусу үчүн атайын белги коюлат.

2023-жылдын 9-апрелинде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй  облустарынын  айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлѳт.

Сүрөт: БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты