Жер титирөөдөн Чаткалда жана Таласта бир катар катар үй жана социалдык объекттер жабыркаган
- 1 месяц мурун
- Видео
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган имараттар тууралуу болжолдуу маалымат берди.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Башкы-Терек айылында жайгашкан мектеп, бала бакча, ФАП, 3 турак үй, Коргон-Сай айылында 2 турак үй, Курулуш айылында турак үй жана Чакмак-Суу айылында ФАПтын имаратынын дубалынан майда жаракалар пайда болгон.
Ал эми Талас облусунун Айтматов районундагы жер титирөөнүн кесепетинен Шекер айылында мектеп жана Манас районунун Семетей айылында мектеп (интернат), Жайылган айылында мектептин дубалынан майда жаракалар аныкталган.
Жалпы 6 турак үй, 4 мектеп, балдар бакчасы, 2 ФАПтын имаратынын дубалдарынан майда жаракалар кеткен.
Жеринде жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-октябрда түнкү саат 02:29да Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.




