Кыргызстанда очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 1 месяц мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 6-октябрда, саат 02:29да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Башкы-Терек айылында 5,5 балл, Чакмак-Суу айылында 5 балл жана Талас облусунун Талас шаарында 4 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда Сейсмология институту кошумча тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




