Жер махинацияларына шектелген Дөөлөтбек Ормоновго издөө жарыяланды

  • 2 месяца мурун

Дөөлөтбек Ормонов алдоо, коркутуу жана зомбулук көрсөтүү жолу аркылуу жеке баюу максатында жер махинацияларына байланыштуу мыйзамсыз иштерди жүргүзгөндүгү аныкталды.

23-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун атайын кызматтын басма сөз кызматы маалымдады.

25-майда Ош шаардык соту Ормоновго карата баш коргоо чарасын сыртынан тандап, ошол эле күнү ага карата мамлекет аралык издөө жарыяланды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты