Жер бөлүштүрүү боюнча мыйзам бузуулар үчүн айыл аймак башчысы кармалды   

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын башчысынын жер бөлүштүрүү боюнча  мыйзам бузуулары аныкталды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган айыл аймак башчысы Б.С.О. жер комиссиясынын чечими жок болгонуна карабастан  жана мыйзамда белгиленген жол-жобону аткарбастан, асыл тукум чарбалардын бирине 105 гектар жерди мыйзамсыз берген.

Кийин Б.С.О. мыйзамсыз аракеттеринин  кесепетинен коркуп, жер комиссиясынын протоколдорун эски мөөнөт менен жасалмалай баштагандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, Б.С.О. комиссиянын айрым мүчөлөрүн документтерге эски мөөнөттөр менен кол коюуга көндүргөн. Ал УКМКнын айрым кызматкерлеринин камкордугуна жана колдоосуна ээ болуп жүргөн.

УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы бул иштер боюнча иш баштаганда айыл өкмөт башчысы текшерүүнүн оң чечими үчүн акча сунуш кыла баштаган.Козголгон кылмыш ишинин алкагында 12-апрелде айыл аймак башчысы УКМК кызматкерине 50 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган, учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты