Жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган бала бакча мамлекетке кайтарылды
- 3 месяца мурун
- Видео
Бишкектеги “Октябрдын 40 жылдыгы атындагы тигүү фабрикасы” – «Айгүл» акционердик коомунун (АК) балансында турган мамлекеттик мүлктүн бир бөлүгү – бала бакчанын имараты мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылгандыгы аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана социалдык объектилерди ээликтен ажыратууга тыюу салган ченемдик укуктук актыларды бузуу менен жогоруда аталган бала бакча комплекси «Айгүл» АК балансынан мыйзамсыз чыгарылып, жеке жактарга сатылып кеткендиги такталган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында социалдык багыттагы объекттин менчик ээлери бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүшүп, Бишкек шаарынын Гоголь көчөсүндөгү 127а дарегинде жайгашкан, пайдалуу аянты 1810 кв.м, жалпы аянты 0,65 га болгон 2 кабаттуу 280 орунга ылайыкталган бала бакча комплексин мамлекеттин балансына ыктыярдуу түрдө кайтарып беришти.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы