Жеке менчик окуу жайларды ачууга убактылуу мораторий жарыяланат

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеке менчик жогорку окуу жайларды лицензиялоого убактылуу мораторий жарыялоо тапшырмасын берди.   

Бул тууралуу ал 21-февралда президенттик аппараттын коллегиясында билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоонун жыйынтыгында билдирди.

Анда өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) ишмердүүлүгү, 12 жылдык билим берүү маселелери, кадрлардын жетишсиздиги, жогорку окуу жайларды лицензиялоо жана аккредитациялоо жаатындагы маселелер боюнча баяндамалар угулду.

2022-жылдан бери алты жогорку окуу жайына өзгөчө статус берилген.  
Коллегиянын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

 Билим берүү жана илим министрлигине учурдагы көйгөйлөрдү чечүү жана лицензиялоонун бирдиктүү мамлекеттик платформасын киргизүү үчүн жаңы жеке менчик жогорку окуу жайларды лицензиялоого убактылуу мораторий жарыялоо тапшырылды.

Ошондой эле аккредитациялоо боюнча чечимдерди карап чыгуу, жол-жоболорун өркүндөтүү, аккредитациялоочу агенттиктердин стандарттарын жана жол-жоболорун оптималдаштыруу, агенттиктерге каршы санкцияларды катаалдаштырууну кароо сунушталды.

Министрликтин бардык бөлүмдөрүндө санариптик контролдоо механизмдерин киргизүү, лицензиялык жана контролдоо боюнча милдеттерди аткарбаган кызматкерлерге тартиптик жаза чараларын колдонуу, министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүндө кызматтык иликтөө жүргүзүү.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты