Жеке менчик лабораторияларда кызмат көрсөтүү баасы арзандатылат

  • 5 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) медициналык лабораториялык кызматтардагы баа саясатын жөнгө салуу боюнча жеке менчик медициналык мекемелердин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Анда калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкууланды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы бүгүн, 4-мартта кабарлады.

Жыйынтыгында «Интелмед» («Бонецкийдин лабораториясы»), «Аквалаб», «Евролаб», «Гемотест», «Экспресс-плюс», «Медикана», «Лазмед клиникасы», «Гуман», «Интер-Лаб» («Инвитро»), «Интермедикал» жана «Фарватер» ири компанияларындагы  лабораториялык изилдөөлөрдүн (анализдердин) бардык позицияларындагы бааларды 30% га чейин төмөндөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Ал эми реагенттерди жеткирүүчүлөр «Юни-Хелп»,»Лаб-Сервис»,» Кокомерен»,»Юрфа»,»Эль-Фарм»,»Медикс-Элес», “Медцентр.кж”  “Би-Хелс-Фарм»,»Эрай-Фарм»,»Фарватер»,»Мээр-Чоп»,»Мирамед жана Ко»,»БиЛайв»,»Медитэк»,»Меди-Прогресс» жана «Дайра-Фарм” сыяктуу бир катар ЖЧКлар берилген реагенттердин баасын 15% га чейин төмөндөттү.

«Юрфа» ЖЧКнын жетекчилиги «Текшерүү томографиясынан» өтүү кызматын 20% га төмөндөттү. “Томографиядан өтүү» кызматынын баасын төмөндөтүү боюнча ушундай эле иш-чаралар калган жеке медициналык мекемелер менен да жүргүзүлмөкчү.

Муну менен катар лабораториялык изилдөөлөрдүн кеңири спектрин, ошондой эле республика боюнча кабыл алуу пункттарынын эң көп санын эске алуу менен «Интелмед» — «Бонецкий лабораториясы» ЖЧКсы менен мамлекеттик медициналык мекемелерден дарыгерлердин жолдомосу боюнча келген бейтаптарга 50% га чейин жеңилдетилген кызматтарды көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты