Жеке мүлктү легалдаштыруу мыйзам долбооруна добуш берүүдө чыр чыкты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 29-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна добуш берүүдө чыр чыкты. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын бир нече депутаты каттоодон өтүп, бирок добуш берген жок. Учурдагы ЖК регламентине ылайык, мындай учурда добуш берүү өттү деп саналбайт.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууну сунуштады.

Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев парламент такыр иштей албай калганын белгиледи.

-Каршы же макул деген добушуңарды бергиле да. Биз иштей албай калдык окшойт, анда тарап кетели. Мен биринчи мандатымды тапшырайын. Иштесек бири-бирибизди түшүнүп иш кылалы, — деди Сыдыгалиев.

 Депутат Балбак Түлөбаев Адахан Мадумаровду бул саясий  упай топтоо, келерки президенттик шайлоого даярдык көрүү экенин айтты:

-Башыңда кылыч турса да позициядан тайбаш керек, эки жакка секирбөө керек. Азыр бул жерде позициялардын күрөшү болуп жатат. Өкмөт мыйзамдарды алып келүүдө. «Бүтүн Кыргызстан» каршы чыгып жатат. Эмнеге? Өкмөттү сындырыш керек да, өздөрү бийликке келиш керек, азаматсыңар! Өлүп бара жатсаң да позицияңды айтып өл да. Оаба, бул шоу эмес, саясий упай топтоо дейт, эртеңки президенттик шайлоого даярдык дейт. А биз олтуруп бердик… Мыйзамдар жол берген соң ошол менен алдыга кетиши керек. Казино мыйзамын ушундай эле кабыл албадыңарбы. Күрөшкүлө же саясий аренадан чыккыла, — деди Балбак Түлөбаев.

Талашып-тартышуу менен, акырында «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна добуш берүү кийинкиге жылдырылды.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты