”Жеке бизнесин сактоо үчүн манипуляция уюштуруп жатышат”. Президент жеке автомектеп, айдоочулук күбөлүк боюнча
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине жеке автомектептердин жабылышы, мамлекеттик автомектептердин артыкчылыктары жана айдоочулук окуунун мөөнөтү тууралуу маек берди.
— Бул жерде айдоочулук күбөлүктү берген “Унаа” мамлекеттик мекемеси менен бирге коррупциялык схемалар иштеген. Мурда билесиздер, айдоочулук күбөлүктү алуудагы практикалык сыноолордон, теориялык экзаменден эч ким кулабай эле оңой алышчу. Себеби, жең ичинен акча берип сатып алып жүрүшкөн,-деди президент Садыр Жапаров.
Кыргызстанда жол кырсыгынан жылына 900дөн ашык адам каза болот, айрым жылдары бул көрсөткүч миңден да ашып кетүүдө
Президент мамлекеттик автомектептердин артыкчылыктары тууралуу буларды билдирди:
— Мамлекеттик автомектептерде керектүү шарттар түзүлдү. Заманбап окуу базасы, жаңыланган техника, квалификациялуу адистер болот. Окуу китептерин дагы өзүбүз басып чыгарып жатабыз. Айдоочулар жөн гана рулду башкарууну эмес, унаанын тетиктеринен тартып, техникалык түшүнүккө, жол эрежелерине жана эң негизгиси — жолдо жүрүү маданиятына чейин толук даярдыктан өтөт. Бул жерде киреше эмес, адам өмүрү биринчи орунда турат. Мамлекет үчүн эң башкысы — жарандардын коопсуздугу.
Садыр Жапаров жеке автомектептердин ээлеринин нааразычылыктары боюнча буларга токтолду:
— Биз аларга алдын ала эле эскерткенбиз. 2026-жылдан кийин жеке мектептерге лицензиялар токтотуларын, бул тармакты реформа кылыш керектигин айтканбыз. Бирок көпчүлүгү баягы эле жол менен иштей берди. Алар үчүн керек болсо 10 күн окутуп, сертификат бере калуу пайдалуу. Анткени чөнтөктөрүнө акча түшүп турат, ал эми айдоочуну даярдоо жоопкерчилиги экинчи планда калган. Мындай жоопкерчиликсиз мамиле менен бул тармакты калтырууга болбойт. Бирок, жеке автомектептерде иштеген адистерди жумушсуз калтырбайбыз, аларды мамлекеттик автомектептерге жумушка кабыл алабыз.
Окутуу мөөнөтү 10 ай, узак деп жаткандарга мындайча жооп берди:
— Жеке бизнестерин сактап калуу үмүтү менен ар кандай маалыматтарды таратып жатышат. “Баасы кымбат болот имиш, 10 ай окутуу деген өтө узак” деген манипуляцияларды уюштуруп жатышат. Баасы анча деле кымбат болбойт, азыр санап жатышат. Жүз миң экен, жүз элүү миң экен деген маалыматтар болбогон сөз. Ал эми рулга отурган адам – жанына эң жакын, эң кымбат адамдарын салып жүрөт,-деди президент «КАбар» агенттигине берген маегинде.
Сүрөт: president.kg




