Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Жээнбек Молдоканович Кулубаев мурдагы кызматынан бошотулуп тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин тышкы иштер министри болуп иштеген Руслан Казакбаев кызматынан бошотулду.

Жээнбек Кулубаев президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Кулубаев Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылында 1963-жылы төрөлгөн. Кыргызстандын Малайзиядагы жана Кытайдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жетектеген. Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка боюнча департаментинин башчысы болуп эмгектенген. Казакстанда элчи болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты