Президент Түркмөнстандын тышкы иштер министри Мередовду кабыл алды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-февралда, Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле энергетика жана транспорттук логистика тармагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Мамлекет башчы Кыргызстандын эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого умтулгандыгын баса белгилеп, Түркмөнстандан Кыргызстанга энергия булактарын жеткирүү боюнча маселелерди чечкендиги үчүн түркмөн тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Рашид Мередов Түркмөнстандын кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын баса белгилеп, биргелешкен аракеттер эки мамлекеттин ортосундагы боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого өбөлгө болоорун айтты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты