Тышкы иштер министри Кулубаев Кувейтке расмий сапар менен барат

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 19-20-февралда тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхьянын чакыруусу боюнча Кувейтке расмий сапар менен барат.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Сапардын алкагында тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү пландалган, алардын жүрүшүндө кыргыз-кувейт кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү талкууланат.

Расмий иш сапардын жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун бир катар жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты