Элчи Казакбаев Түркиянын жеке клиникалары менен кызматташууну талкуулады
- 3 недели мурун
12-июнда Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев жеке менчик клиникалар тармагы болгон Lokman Hekim компаниясынын башкы директору Сулейман Алпер Инжегөз менен жолугушту.
Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык маселелерин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарын дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Маалыматта айтылгандай, «Lokman Hekim» клиникалар тармагы — Түркия боюнча 10 филиалы бар көп тармактуу медициналык мекемелерди камтыйт. Мындан тышкары, аталган клиникага караштуу жогорку окуу жайы да бар, ал өлкөнүн борбору Анкара шаарында жайгашкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык маселелерин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарын дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Айрыкча Lokman Hekim клиникасынын филиалын Кыргызстанда ачуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Элчи Р. Казакбаев заманбап медициналык инфраструктураны өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо секторуна инвестиция тартуу Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Тараптар мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында активдүү диалогду улантуу боюнча макулдашышты.