Министр Кулубаев АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолукту
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 10-февралда, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штатттарынын (АКШ) Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Бул тууралуу тышкы иштери министрлиги (ТИМ) билдирди.
«Тараптар кыргыз-америка мамилелерин өнүктүрүү боюнча, анын ичинде АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын саясатынын өзгөрүшүнүн контексинде сүйлөштү. Айрыкча АКШнын миграциялык жаңы саясаты, тышкы жардамды токтотуу жана санкциялык чаралар тууралуу маселе талкууланды» деп айтылат маалыматта.
Кыргыз тарап өз ара аракеттенүүнүн туруктуу багыты жана тең салмактуу чечимдерди издөөгө кызыкдар экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экендигин бекемдешти. Ошондой тараптар эле саясий консультациянын жана С5+1 форматынын алкагында өз ара аракеттенүүнү улантуу боюнча сүйлөшүштү.
Сүрөт: mfa.gov.kg