ЖЕЭК жыйынында бир катар документтер кабыл алынды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 9-декабрда, Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш жыйынтыкталды. Анда бир катар документтер кабыл алынды.

Президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасап, жыйында кабыл алынган негизги чечимдер тууралуу айтып берди:

-Биз өнөр жай кооперациясын каржылоонун негизин түздүк. Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) ишинин келерки жылдагы багытын белгиледик. Андан сырткары, Бириккен Араб Эмираттары менен соода келишимин түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл алдык ЕАЭБ тууралуу келишимге электрондук кызмат көрсөтүүдөн кыйыр салык алуунун тартиби жөнүндө өзгөртүү киргизүү протоколуна кол койдук. Салыкты башкаруу жана электрондук кызмат көрсөтүү жаатындагы бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү боюнча иштери болгонун белгилеп кетейин,-деди Жапаров.

Быйыл ЕАЭБге Кыргызстан төрагалык кылды жана эмдиги жылдан тартып төрагалык Орусияга өтөт.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты