Жеңиш чокусуна жакын жерде кырсыктаган тик учактагылар аман калды
- 11 месяцев мурун
16-августта Коргоо министрлигинин Ми-8 тик учагы кырсыктап, тоого конду. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, бийик тоодо жана катаал аба ырайынын шартында, тик учак кырсыктап, тоого конгон. Тик учакта экипаж мүчөлөрү жана Жеңиш чокусунда каза тапкан жана калган альпинисттерди алып келүүгө бара жаткан куткаруучулардан турган 10 адам болгон.
Тик учактын ичиндегилер аман калган, үч киши жабыркаган. Ал эми альпинисттерге жардамга башкалар жиберилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




