Ысык-Көл облусунда окуу-машыгуу маалында орус учагынан ок-дары түшкөн
- 2 месяца мурун
Ысык-Көл облусунда окуу-машыгуу маалында Орусиянын Су-25 учагынан ок-дары түшкөн. Бул тууралуу АКИpress агенттиги 1-апрелде жазып, Кыргызстандын Коргоо министрлиги аны тастыктады.
Социалдык тармактарда учак учуп өткөндөн кийин жерде бир нерсе, болжол менен ок-дары түшкөн чуңкур пайда болгондогу видео тараган.
АКИpress Кыргызстандын Коргоо министрлигинин расмий билдирүүсүн жарыялады.
Расмий билдирүүдө окуя 2026-жылы 31-мартта, болжол менен саат 17:25те, орус авиабазасынын (Кант шаарындагы) Су-25 учагы окуу-машыгуу маалында окуу-авиация каражатын колдонуу учурунда санкцияланбаган 2 окуу ок-дарысы ээн талаага түшүп кеткендиги жана жабыр тарткандар жана кыйроолор болгон эместиги айтылат. Россиянын Аскер күчтөрүнүн командачылыгы тарабынан атайын комиссия түзүү чечими кабыл алынганы, ал комиссия жакын арада Кыргызстанга келээри маалымдалды.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин чечими менен окуу-машыгуу боюнча учуулар окуянын себебин аныкталгыча токтотулганы айтылды. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, Аскер прокуратурасы окуяны териштирип жаткандыгы белгиленди.
Иллюстрациялык сүрөт: Су-25 учагы. ТАСС




